7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам катталган

572

14-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 киши катталган. Бул тууралуу  Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө ооругандардын саны жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйөт.

Кант диабети дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат жана барган сайын актуалдуу болуп бараткан социалдык көйгөй катары изилденет.

Дүйнөдө:

— ар бир 15 жылда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйөт;

— жыл сайын 1 миллиондон ашык адам буту-колун кесип, 700 миңден ашууну көрүүсүн жоготот.

— ар бир 5 секундда кант диабети менен ооругандар бир адамга көбөйөт;

— ар бир 7 секундда бул оорудан 1 адам каза болот.

573