7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомдук транспортторго көзөмөл күчөтүлөт

329

Өлкө аймагында «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ЖКККББдан билдирди.

Рейддик иш-чара 26-февралдан 2-мартка чейин уланып, жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жана жеке таксилердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Коомдук транспорттордун айдоочуларынын жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө белгиленген жерлерде токтобой, аялдамаларга жетпей токтоп, жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, жол тыгындарын пайда кылган учурлары көп кездешүүдө.

Ошондой эле айдоочулары унаа башкаруу учурунда тамеки тартып, же уюлдук телефонго алаксып, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө тоскоолдук жараткан учурлары кездешүүдө. Рейддик иш-чара мына ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

Айрыкча коомдук транспорттордун техникалык абалына көңүл бурулуп, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, ошондой эле аялдамаларда экинчи-үчүнчү катарга туура эмес токтотуп, башка айдоочуларга тоскоолдук жараткандарга 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып салынат.

330