Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 34 жаштагы Казакстандын жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Балхаш шаарында 1984-1973-жылы туулган жубайларды өлтүргөн.
Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Токмок шаарынын аймагында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
Ушул жылдын 24-февралында Казакстандын жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.