7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кызамыкка каршы кандай чаралар көрүлүп жатат?

389

Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамык оорусуна каршы кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

2024-жылдын башынан бери 3570 адамдан кызамык оорусу аныкталган. Вирус Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп жайылууда.

Оорулуулардын көбөйүшүнүн негизги себеби болуп балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көп саны калууда.

Кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкү чараларды көрүп жатат:

— республика боюнча пландуу иммунизациялоону күчөтүү;

— кызамык менен байланышта болгон адамдарды эмдөө;

— эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен профилактикалык чараларды күчөтүү;

— Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин арасында окууларды өткөрүү.

390