7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө 8 млн сомдон ашык зыян келтирген салыкчылар кармалды

247

Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы, киреше боюнча бөлүм башчысы, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана жеке ишкер кармалган.

Аталган кызматкерлер жеке ишкерге тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан. Ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн. Азыркы тапта иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

248