7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз

622

 

 Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз. Мындай пикирин  билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүйдөгү жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга арналган жатак мектепте уюштурулган “Менин ийгиликтүү келечегим” аттуу иш-чарада айтты.
Билим берүү министирлигинин басма сөз кыматты билдиргендей,  аталган иш-чара окуучулардын социалдашуусуна арналган. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер да катышышты.
Иш-чаранын алкагында чыгармачылык аянтчалары уюштурулуп, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка балдардын чыгармачыл эмгектери көргөзмөгө коюлду.
Ошондой эле, иш-чарада тигүү цехинин расмий ачылышы болуп, коноктор “Чебер колдор” ийриминин окуучулары жана алардын иштери менен таанышышты. Министр Алмазбек Бейшеналиев жатак мектептеги балдарга билим берип, алардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип: “Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз”, — деди. Ошондой эле, министр мугалимдер менен балдарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623