7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө жетекчилиги дайындоочу кызматка талапкерлерди тандоо үчүн жаңы жобо бекитилди

435

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык КР Президенти, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.

Буга чейин Президенттин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Бул Жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, Президенттин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

— туулган жери;
— жашаган жери;
— билими;
— биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.

436