7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лос-Анжелесте Кыргыз киносунун күнү өтөт

397

Американын Лос-Анджелес штатында бүгүн, 19-ноябрда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосу менен уюштурулган X Азия дүйнөлүк кинофестивалынын алкагында Кыргыз киносунун күнү өтөт.

Иш-чара белгилүү Голливуд Калвер театрында өтүп, көрүүчүлөргө эки көрүнүктүү кыргыз тасмасы тартууланат: “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” жана Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы.

“Кыргыз киносунун күнү Кыргызстандын туристтик потенциалын жана маданий мурасын көрсөтүү үчүн маанилүү окуя болот. Кошумчалай кетсек, бул улуттук киноиндустриянын өнүгүүсүн, анын жетишкендиктерин жана дүйнөлүк аренадагы келечегин талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул иш-чара эл аралык коомчулуктун кыргыз киносуна болгон кызыгуусу артып жатканын айгинелейт”, — деп айтылат маалыматта.

“Качкын” тасмасы Asian Vision фестивалынын негизги программасына кирип, “Мыкты тасма” номинациясында сыйлыкка ат салышууда.
Тасма Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты 8 тасманын ичинен тандалып алынган, бул кыргыз кинорежиссерлорунун чеберчилигинин жогорку деңгээлин тастыктайт.

AWFF Asian World Film Festival жыл сайын Лос-Анжелес шаарында өтүп, ага 50дөн ашык өлкөнүн кино тармагынын өкүлдөрү катышат. 2024-жылы фестиваль 13-ноябрда башталып, 21-ноябрда аяктайт. AWFF Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты тасмаларды көрсөтүп, аны эл аралык аренада улуттук кинематографияны жайылтуу үчүн негизги аянтчага айландырат.

398