Ирландиялык 56 жаштагы Лоури лотереяда ири суммадагы каражат жеңип алган соң жашоосу бузулуп, кызыксыз болуп калгандыктан өзүн-өзү өлтүрүп алган. Бул тууралуу Daily Mail маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денесин кечээ, 3-сентябрда эртең менен өзү жашаган үйдөн табылкан. Милиция кызматкерлеринин айтымында, киши колдуу болгондугу тууралуу эч кандай күмөн саноолор жок жана эч нерседен шек жаралган эмес. Бирок, ошентсе дагы соттук-медициналык экспертизаны дайындап, өткөрүп беришкен.
Маргарет Лоури 2013-жылы лотереядан 27 миллион фунт стерлинг (2,7 миллиард сом .: Прим. ред.) утуп алган. Буга чейин жумасына 58 фунт коротуп, күн кечирип келген.
Ал алган акчасына үй сатып алып, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үй салып, ишкерлик менен алектенүүнү пландаган. Бирок тилекке каршы анын миллиондогон акчаларын уурулар уурдап кетишкен. Ошондо ал лотереяда утушка жеңгенине өкүнүп, буга чейин бактылуу жашап, утуштан кийин жашоосу бузулганын билдирген.
2019-жылы Лоури бул утуш ал үчүн тозок болгонун айткан. Ал учурда анын болгону 5 миллион фунту калган, жана эч жерде иштеген эмес. Ошол эле учурда ал кайрымдуулук менен алектенгенин кошунасы кошумчалаган.