Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында «Чектөөсүз спорт» аталышындагы парамарафон болуп өттү.
Иш-чарага 500гө жакын спортчу катышып чуркоо, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер өттү.
Белгилей кетсек, «Чектөөсүз спорт» ден-соолукту чыңдоо марафонунун негизги максаты ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, аларды сергек жашоо мүнөзүнө үндөө болуп саналат.