7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министри: Улуттук тамак-аштарыбыз туристтер тамшанып жечүдөй таза даярдалышы керек

13

“Урматтуу мекендештер!

2025-жылдын жайкы туристтик сезону башталды. Былтыр өлкөбүзгө 8 миллион 600 миңден ашуун турист келген болсо, быйыл бул көрсөткүч 10 миллиондон ашат деп күтүлүүдө. Туризм — экономикабыздын маанилүү багыттарынын бири. Ошондуктан ар бир кыргызстандык бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууга тийиш!

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга туристтер бир гана кыргыз бермети – Ысык-Көл үчүн келбейт. Алар бүтүндөй өлкөбүздү: жети дубанды, алыскы тоолуу аймактарыбызды түрө кыдырып жүрүшөт. Айрыкча, экотуризм деп жайлоолорубузга чейин барып, тоо-ташка чыгып, керемет жаратылышыбызга суктануу менен эс алышат. Эргүү алып, күч-кубат топтоп кетишет.

Мына ошол меймандарга шарт түзүүдө биз, баарыбыз жоопкерчиликтүү болууга тийишпиз. Өзгөчө, кыргыз ашканасын таанытууда тамак-аштын таза даярдалышына бөтөнчө көңүл буруу зарыл. Тилекке каршы, айрым учурларда эт азыктары: ичеги-карын, казы-карта сыяктуу улуттук тамак-аштарыбыз жетиштүү деңгээлде тазаланбай, жыты сезилип, меймандарды кайсыл бир деңгээлде ирээнжитип койгон учурлар да болгон.

Мындай жагымсыз жагдайларга жол бербеш үчүн мал сойгондо ичеги-карынды жетиштүү өлчөмдөгү сууга салып, дароо муздак суу менен бир нече ирет кайталап жууш керек. Эң башкысы, кайталап жуугандан эринбеңиздер. Таза жуулса, эч кандай жыты калбайт. Ичеги эттерин дароо муздак сууга салып коюунун мааниси чоң. Анткени мал союлгандан кийин ичеги-карындары сууга салынбай калса, жыты сиңип, кийин бышканда да кетпей калат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө мындай азыктарды тазалоодо заманбап, натыйжалуу каражаттар катары — туз, сода, кола пайдаланылып, кадимки тамак жасаган суу май менен ичеги-карынды жытынан арылтса болору эл арасында айтылып жүрөт. Карынды жыдытууда арбыныраак туз колдонуп, чучук жасоодо дагы ичегиге бир ууч туз салып туруп сыдырып жиберүү натыйжалуу болору белгилүү.

Ушул сыяктуу калк арасында кеңири колдонулган ыкмаларды колдонуп, жергебизге келген туристтерди накта таза тамак-аштар менен тамшандыруу көздөгөн максатыбызга ылайык келет.

Меймандостугу менен таанымал элибиз тыштан келген конокторго сый-урмат менен мамиле кылышат. Мына ошол конокторубуз биздин өлкө тууралуу жакшы пикирде калышы үчүн жылуу мамиле менен бирге сапаттуу тейлөөгө жана таза азыктарды сунуштоого өзгөчө көңүл буралы. Себеби, бул маселелерге өзгөчө көңүл бурсак, бир келген турист кийинки жылы үй-бүлөсүн, досторун, тааныштарын ээрчитип келет.

Жер-жерлерибизде жалпы тазалыкты кармоого маани бериле баштады. Аруу, таза, ажайып кооз Мекенибизде азыктарыбыз да таза болушу шарт!

Кыргыз элинин маданияттуулугун көрсөтөлү!

Меймандос эли, кооз табияты менен таанылган Кыргызстанды таза кыргыз ашканасы менен да таанытууга мезгил жетти”,-деди министр Мирбек Мамбеталиев.

14