7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги балдар адабияты тармагында сынак жарыялайт

325

Маданият министрлиги балдар адабияты тармагында сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат:

  • балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);
  • балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);
  • балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн;
    Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.

Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет.


Материалдар 2020-жылдын 20-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.


Сыйлыктар 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78. Байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

326