Кыргызстандык балбандар бүгүн, 26-сентябрда Бишкекке учуп келишти. Аларды жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырган.