7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат ажы Токтомушев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

2382

Максат ажы Токтомушев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ажы өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

«Урматтуу мекендештер, жалпы мусулман бир туугандар, сиздерди Рамазан айынын бүтүшү — Орозо айт улуу майрамы менен чын журөктөн куттуктайм!

Элибизде ынтымак, адамгерчилик, сабырдуулук жана ошондой эле ыйман-ынсаптуулук болуп, жерибизде тынчтык, береке жана адилеттүүлүк орносун! Бардыгыбыздын туткан орозолорубузду Жаратканым өзү кабыл кылып, Аллахым баарыңыздарды бардык жамандыктан коргоп, туура жолго жолдосун! Жыл бою бактылуулукта, аманчылыкта, тынччылыкта, кечиримдүүлүктө жана да береке үстүндө болгула, кийинки Рамазанга Аллахым өзү аманчылыкта жеткирсин жана мүмкүнчүлүк берсин! Бардыгыңыздарды улуу Орозо айт майрамы менен дагы бир жолу куттуктап кетмекчимин», — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2383