7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Мамытканов кылмыштуулукка каршы туруу сунуштарын күтөт

288

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмоттун басма сөз кызматы билдирди.

Таанышуу жүрүшүндө вице-премьер-министр билдиргендей, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл, алар Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Вице-премьер-министр бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды, мында өлкө экономикасын колдоого жана кызматтын ишине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө негизги басым жасоо зарыл.

«Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана ведомство ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен жаңы баскычка өтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр», — деп билдирди Максат Мамытканов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289