7-май, шаршембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас аймагында +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлөт.