7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мал базардан акчасын уурдаткан карыя эки муктаж адамга жардам көрсөттү

808

Токмок шаарынын мал базарынан акчасын уурдаткан карыя милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Кадралиев Манаспай карыя уурулуктун бетин ачкан милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын айтуу менен кайтарылган 120 000 сом акчасын кайрымдуулукка жумшагысы келгенинин билдирип, кайрымдуулукка муктаж эки адамга жардам көрсөтүүнү чечкенин белгиледи.

Эске салсак, октябрь айынын орто ченинде Кадралиев Манаспай карыя арыз менен кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базардан, курткасынын төш чөнтөгүнөн жылкы ала турган 120000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, чара көөрүнү өтүнгөн.

Бул факт Токмок ШИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Урулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкча иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка шектелип 39 жаштагы Г.У. аттуу жаран кармалган. Кармалган Г.У. аттуу жаран жабырлануучу Манаспай карыяга келтирилген 120 000 сомду толугу менен кайтарып берген.

Ал эми бул кылмышка шектүү Г.У. Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809