7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда мал уурулук менен алектенген топ кармалды

434

Мал уурулук менен алектенген топ кылмыш жасоо учурунда кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.

19-март күнү Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 9-мартка караган түнү Кызыл-Туу айылында үйүнүн короосундагы сарайдан, базар баасы 100 миң сомдук бир баш уйун уурдап кеткендигин билдирген.

Милиция Токтогул районунун бир нече тургунунун кылмыштуу аракеттерин байкап, шектүүлөрдүн изине түшкөн. 5-апрелге караган түнү тургундун сарайынан 2 баш уйду алып чыгып баратышкан жеринен кылмышка шектүү катарында 2002, 2003 жана 2004-жылкы балдар колго түшүрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун буга чейин дагы бир нече кылмыш жасагандыгы, жыйынтыгында жарандардарга 450 000 сом зыян келтиргендиги аныкталган.

Аталган шектүүлөрдүн баш корго чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган жана Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

435