7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекетке 700 миң сом зыян келтирген бажы кызматкери кармалды

216

ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы маалымдады.


Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаары боюнча башкармалыгы буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүштү тергөө ишинин алкагында, кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды контрабандалык ташып кирүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын Достук АБЖОсунун (алдын-ала бажы жол-жоболорунун орду) тескөөчүсүн кармады.


Ошентип, 2020-жылдын декабрь айында Ош шаарында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “ДАФ” маркасындагы жүк ташуучу унааны кармашкан, аны Достук б/п кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен, натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык суммадагы бажы төлөмдөрү жана жыйымдары түшпөй калган.


2021-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, бул сотко чейинки өндүрүш боюнча КРӨгө караштуу МБКнын Достук АБЖОсунун жооптуу кызматкери “А.Р.” кармалып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулган. Азыркы убакта, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217