7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде болушу керек. Президент текшерүүнү күчөтүш керек деди

8270

Бүгүн, 2-июль президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевди кабыл алды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана Улуттук комиссиянын алдыга койгон пландары талкууланды.

Сыртбай Мусаев мамлекеттик тил саясатын жайылтуу иштерин уюштурууда бир катар тоскоолдуктар болуп жатканын кабарлады.

Ошондой эле мамлекеттик тилди санарипке өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө айтып берди. Бул долбоордун алгачкы этабында текстти үнгө айлантуучу, экинчи этабында кыргыз тилинде үн менен берилген текстти санарип текстке айландыруучу программалык аппарат иштелип чыгат.

Мамлекет башчы тил саясатын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттарынын бири мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү саясаты экендигин баса белгилеп, Президенттин Администрациясында, Министрлер Кабинетинде, Жогорку Кеңеште жана бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана анын жыйынтыктарын коомчулукка билдирүү боюнча комиссиянын ишин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8271