7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы : “Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы-коомдун күзгүсү”

157

Ички иштер министрлигинин “Кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-мерчеминин негизинде кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, тартип жана мыйзамдуулукту сактоого чакырган онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчылары жана башкы башкармалыктын жалпы ардагерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, өлкө башчынын коопсуздук багытында жүргүзүп жаткан саясатын, мамлекет тарабынан күч түзүмдөрүнө, укук коргоо органдарына түзүлгөн шарттарды, социалдык коргоолорду жеткирип, жалпы кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, намыстуулукту, кайраттуулукту туу тутуу менен берген анттарына бек туруп, өлкөнүн ички коопсуздугуна кошкон салымдарына кенен токтолуп, мындан ары да бул багытта комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

Ошондой эле, ал “Киши өлтүргүч бир адамды өлтүрөт-Коррупция бир өлкөнү өлтүрөөрүн” белгилеп, жалпы өздүк курамды коррупциялык жат көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, өлкө башчынын “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын талаптарын жана жалпы улуттук тилибиздин, үй-бүлөлүк баалуулуктардын сакталышы тууралуу кенен маалымат берди.

158