7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземине катышты

657

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-декабрда, Sports Awards – 2021-жылдын мыкты спортчуларын салтанаттуу сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу президентин аппатарынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышында Сүйүнбек Касмамбетов эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгып жаткан спортчуларга ыраазчылык билдирди. “Биздин элибиздин атынан чыгып жана туубузду көтөрүп жаткан спортчуларыбызга даңк! Кыргызстандын мамлекеттик туусу чет өлкодө үч учурда көтөрүлөт: башка өлкөгө президент барганда, республиканын элчилиги ачылганда, ошондой эле спотчулар жеңишке жетишкенде. Анда гимн да жаңырат. Бул өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чаралар. Азыр силер аркылуу дүйнө жүзү билди, билет”, — деди ал.

Мамлекеттик катчы, Кыргызстанды көптөгөн спортчулар даңазалаганын белгиледи, анын ичинде оор атлет Каныбек Осмоналиев жана мушкер Орзубек Назаров.

Ал бир жыл ичинде эле спортчулар ар кыл спорт түрү боюнча 400 медаль утканын эске салды.

“Мен сиздерге эмгегиңиздер үчүн чоң ыраазычылык билдирем”, — деген Сүйүнбек Касмамбетов аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658