7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик кызматкерлер эми 4% менен 25 жылга ипотекага үй алса болот

952

“Менин үйүм 2021-2026” мамлекттик турак жай программасына мындан ары бардык жарандар катыша алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урмат Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат.

“Мамлекеттик турак жай программасына буга чейни негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катышса, мындан ары мамлекеттик турак жайды каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот”, — дейт ал.

Кокочаров “Менин үйүм 2021-2026” программаны ишке ашыруунун негизги багыттары тууралуу сөз кылды:

— Пайыздык ченди жылдык 4%га чейин төмөндөтүү аркылуу мамлекеттик ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кийин сатып алуу менен ижара механизмин өнүктүрүү;
— Баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна каражаттарды тартуу;
— Өлкөнүн жарандарын үй менен камсыз кылуу үчүн өздүк турак жай фондун түзүү;
— Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

953