Сузакта 19 жаштагы тургунду күч колдонуп коркутуп, 10 миң сомдук уюлдук телефону менен 85 миң өлчөмүндөгү накталай акчасын тартып алгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, апрель айында Жалал-Абад шаардык ички ичтер бөлүмүнө Сузак районунун 19 жаштагы тургуну арызданып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыздануучу түнкү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринен 3 бейтааныш эркек балдар коркутуп, күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун жана 85 миң сом накталай акчасын алып коюшкандыгын билдирген.
«Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Натыйжада Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. кармалып, тергөөгө жеткирилди. 13-май күнү КРнын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын 2 шеригинин да өздүктөрү аныкталып, тергөөгө алынган. Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.