7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик мүлк фонду 20 обьектини менчиктештирүүнү карап жатат

998

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйын учурунда мамлекеттик мүлктүн менчиктештирүү процедурасы тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык менчиктештирүү программасы парламент аркылуу өтөт. Андан кийин кайра баалоо боюнча иштер уланып, ачык аукционго коюлат.

Жетиштүү мыйзамдык база бар. Акционердик коомдор жөнүндө, менчиктештирүү жөнүндө, кошумча башкаруу жөнүндө жана баалоо иши жөнүндө мыйзамдар. Бүгүн министрлер кабинети ачык конкурс өткөрүүгө даяр. Инвентаризация, реструктуризациялоо жаатында биз бир нече варианттарды карап жатабыз: ишенимдүү башкаруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, аутсорсинг”, — дейт Бакиров.

Ошондой эле учурда менчиктештирүүгө каралып жаткан 20 мамлекеттик объект бар экендигин айтты.

Менчиктештирүүдөн бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

999