Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында жазылган.
Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардам катары берүү жана 350 млн юань (54 млн АКШ доллары чамасында) акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен.
Бийлик бул каражатты инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытаны колдонуу ниетинде.
Мындан тышкары, Кыргызстанга 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынган.
Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу — Кыргыз Республикасына гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди.
Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар.