7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоору талкуудан өтүүдө

842

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши уланууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ведомстволор аралык жумушчу топ президенттин администрациясынын жетекчисинин 2022-жылдын 3-февралындагы №16 буйругуна ылайык, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана аткаруу бийлигин кайра уюштурууну эске алуу менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин оптималдаштыруу максатында түзүлгөн.

Тараптардын пикирлерин жана позицияларын эске алуу менен Кыргызстандын жаңы редакциядагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин толук кандуу долбоорун иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жана эксперттер тартылган.

«Учурда жумушчу топ мамлекеттик жарандык кызмат орундарын камтыган Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштерди жыйынтыктады.

Ошондой эле жумушчу топ аскердик жана укук коргоо органдарындагы мамлекеттик кызмат орундарын камтыган Мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин талкуулоону улантарын белгилейбиз. Бул талкуу укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече күнгө уланат»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843