Мамлекеттик кызыл тууну көк түстөгү тууга алмаштыруу сунушу айтылды. Бул тууралуу пикирин коомдук ишмер Арсланбек Малиев Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун отурумунда маалымдады.
Эске салсак, 19-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Конституциялык кеңешменин курамына коомдук-саясий, илимий чөйрөнүн 80ден ашуун өкүлү кирип, анын төрагалыгына Кыргыз-Орус (Славян) университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, “Эл бийлиги” саясий партиясынын негиздөөчүсү Бекбосун Бөрүбашев бекитилген.