7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр». Жапаров Баткенге барабыз деген жигиттерге кайрылды (ВИДЕО)

905

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, ушул жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

Өз сөзүндө өлкө башчы Баткенге барабыз деген жигиттерге кайрылды.

«Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер. 

Кадырман калайык-журтум! Бир болсок, ынтымактуу болсок баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз. 

Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык, Баткен жергесинде дайыма тынчтык болсун!”,-деди президент.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906