Баткендеги куралдуу кагылыштан 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек каза болду.
Арыстаналы уулу Асатбек Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылында 2003-жылдын 29-июлунда туулган. Ал 2010-жылы №24 Токтогул атындагы жалпы билим берүү мектебине кирип, окууну ийгиликтүү аяктаган.
Асатбек айылдагы жаштар арасында өзүнүн үлгүлүү жүрүм туруму менен улууларды урматтап, кичипейил, ата мекенин чын дилинен сүйгөн патриот жигиттерибиздин бири эле.
Катардагы жоокер Арыстаналы уулу Асатбек Ала-Бука райондук аскер комиссариаты тарабынан 2021-жылдын 17- сентябрында КРнын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин чек ара кызматынын № 2023 Айдаркен аскер бөлүгүнө чакырылган.
УКМКнын чек ара кызматынын № 2022 Баткен аскер бөлүгүнүн Капчыгай чек ара заставасынын 2 чек ара белүмчөсүндө өз аскердик милдетин так аткарып жатып, элибиздин тынчтыгы жерибиздин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн арнап баатырларча 19 жашында курман болду.
7-каналдын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кош бол, Асатбек! Сенин жаркын элесин түбөлүккө сакталат. Жаткан жерин жайлуу топурагын торко болуп, жайын жаннаттан болсун!