7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат

367

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча күч катары берилген күч каражаттарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган турак-жайларды, мамлекеттик имараттарды, соода-сатык түйүндөрдү толугу менен карап чыгуу жана анын чыгымдарын аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлдөөдө.

Учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголгон.

“Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат. Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда кароо иштерин жүргүзө баштады. Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш обьектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чаралары башталды. Ошондой эле, Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдардын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүп, жарандарга жеткирилишине да көзөмөл болууда. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана кошумча күчтөрдүн, Ички иштер министрлигинин Ички Аскерлеринин аскер кызматчыларынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайгуул иштерин күнү-түнү жүргүзүү, тергөө иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча облустун бардык аймактарына өзгөчө катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Абал толугу менен көзөмөлдө”,-деди Октябрь Урмамбетов.

Андан сырткары, Баткен жана Лейлек райондорунда жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

368