7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамытов: Айрым жетекчилер тактамаларды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат

179

«Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү», — дейт Талант Мамытов бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияда.


Маалыматка ылайык, конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — санариптештирүү жаатындагы милдеттерди жана келечекке болгон пландарды, кечиктирилгис чараларды талкуулоо.
«Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деп белгиледи Талант Мамытов.


Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.


«Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биздин сөзүбүз кыска болот», — деп билдирди Президенттин милдетин аткаруучу.
Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет. Ал жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө абдан көңүл бурууну дагы бир жолу талап кылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

180