7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортуна бара жаткан жолдогу кырсыктан 16 бала жабыркаган

745

«Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо кырсыктаган автобуста жабыркаган 16 бала оорукана түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Тез жардам кызматына чакыруу саат 11:15те түшүп, кырсык болгон жерге эки бригада жөнөп кеткен. Жабыркагандар тез жардам кызматы жана жолдо келе жаткан унаалар менен №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң Бишкектеги тез жардам борборунун бригадалары тартылып, алар жабыркаган балдарды шаардык тез жардам ооруканасына алып кеткен.

Болжол менен кырсыктын кесепитинен 16 адам жабыркаган. Тизме түзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, эки бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Такталган маалымат кийинчерээк берилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746