7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортуна COMAC C919 жүк ташуучу учагы келип конду

343

«Манас» эл аралык аэропортуна биринчи жолу COMAC C919 жүк ташуучу учагы келип конду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан кабарлады.

Каттам YTO Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылды. Бул маанилүү кадам Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгилеп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Учурда үзгүлтүксүз каттамдардын графиги түзүлүүдө жана жакынкы аралыкта жарыяланат.

COMAC C919 — Кытайдын алдыңкы авиакурулуш концерни тарабынан чыгарылган заманбап жүк ташуучу кууш фузеляждуу реактивдүү учак.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

344