7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортуна Инчхон – Бишкек – Загреб багыты боюнча транзиттик каттам келди

442

«Манас» аэропортуна Инчхон – Бишкек – Загреб багыты боюнча T’way Airlines авиакомпаниясынын транзиттик каттамы келди.

T’way Airlines транзиттик каттамдары жумасына үч жолу аткарылат. «Манас» аэропортунда май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана «Манас» аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

«Бул кадам «Манас» эл аралык аэропортунун кадыр-баркын көтөрүп, жаңы жүргүнчүлөрдү тартуу менен Кыргызстанды дүйнөнүн бардык туристтери үчүн жеткиликтүү кылат. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жаңы бийиктиктерди багындырып, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого салым кошо алабыз деп ишенем», — деп билдирди «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

443