7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортунда 17,3 млн сомдук аткезчилик зер буюмдар аныкталып кармалды

820

“Манас” аэропортунда 17,3 млн сомдук аткезчилик зер буюмдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунун аэровокзал комплексинде «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү тарабынан бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жаткан Өзбекстандын жети жараны сары металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

Белгилегендей, жарандар металл издегичтин рамкасы аркылуу өткөндөн кийин өзгөчө белги берилген. Металл издегичтин жардамы менен кошумча бажылык текшерип кароонун алкагында желим баштыкка салынган сары түстөгү металл зер буюмдары ич кийимдеринен, кээ бирлери шымдын чөнтөгүнөн табылган.

Кармалган зер буюмдардын жалпы салмагы 4 миң 952 кг, болжолдуу баасы 17 млн 332 миң сомду түзгөн.

Аталган Факты Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, материалдар тиешелүү органга өткөрүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

821