7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропорту мамлекетке 65 млн сом зыян келтиргендиги аныкталды

128

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКу (мындан ары — аэропорт) менен чет элдик компания ортосунда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендигин Башкы прокуратура аныктады.


Аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз келишимдерин түзгөн.


Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 млн. 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан.


Кээ бир товарларды сатып алууларды пландаштыруу этабында бааларга тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан, сатып алынуучу товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан.


А.Ш. аттуу жарандын компанияларынын пайдасына чечимдерди кабыл алуу максатында сынактык документтештирүүдө сатып алуучу тарап товар тапшыруучуларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшкан.


Ошол эле учурда сынактык документтештирүүнүн (техникалык спецификациясы боюнча) квалификациялык талаптарына жооп бербеген А.Ш. аттуу жаран жетектеген компаниялардын сынактык негиздеги арыздарын жактырышып, башка товар тапшыруучулар сынактын кийинки этабынан негизсиз четтетишкен.


Түрдүү топторго кирген товарларды бир лотко бириктирүүгө болбогондугуна карабастан, ар түрдүү техникалык жана функционалдык мүнөздөмөдөгү товарларды сатып алуу боюнча сынак лотторго бөлүнбөстөн өткөрүлүп жүргөн. Ал эми, арзан бааны койгон катышуучулардын сынактык арыздарынын коммерциялык сунуштары четке кагылган.


Аэропорттун жетекчилиги өздөрүнө ыйгарылган укуктардан ашыкча пайдалануу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, жеке кызыкчылыктардын негизинде пайда табуу максатында, сынакты өткөрүү тартибин, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен кымбат баалуу атайын техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 млн. 170 миң 226 сомдук зыян келтирилген.


Чогулган материалдар Кыргыз Республикасынын ЖКнин 233-бер. (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 234-бер. (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) менен КЖБРге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

129