7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропортунан контрабандалык дары-дармектер кармалды

278

«Манас» эл аралык аэропортунан бажы кызматкерлери контрабандалык дары-дармектердин партиясын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дары-дармектердин партиясы кечээ, 21-январда Түркиядан келген.

«ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, экспорттоо фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, «Манас» аэропортунан бажы кызматкерлери 2021-жылдын 21-январында убактылуу сактоо кампасында декларацияланбаган товарлардын, ар кандай аталыштагы дары-дармектердин, медициналык багыттагы буюмдардын жана кальян тамекинин жалпы салмагы 30,2 килограмм болгон 27 таңгагын ташып келүү фактысын аныктады«, — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

279