Манас шаарында сыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиника имараты жана жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарынын борборунда жайгашкан «Жалалабадстоматология» стоматологиялык поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 113 млн 872 миң сомдук жогоркуда белгиленген имарат жер аянты менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.



