7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Экономикада оң жылыштар бар, бирок чече турган маселелер дагы арбын

481

7 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада оң жылыштар бар, ошол эле учурда алдыда иштеле турган маселелер арбын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын караган министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө.

«Товарды маркалоо ишке киргизилди, ал бюджетти салыктык кирешелер менен толтурууга шарт түзө баштады. Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык. Бул аракеттерди президент Садыр Жапаров да колдоду. Экономикалык жана фискалдык саясаттагы айрым чаралардын натыйжасында салыктын ар бир түрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 20дан 40%га чейин жогорулады. Ошондой эле, бул жылы медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды. Кабыл алынган антикризистик план толугу менен аткарылышы керек. Жылдын аягында анын аткарылышына баа берилет. Эң негизгиси күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Мындан ары республиканын ар бир району үчүн инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл», – деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482