7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Кыргызстандагы Вьетнам Республикасынын Элчиси Нгуен Тхи Хонг Оаньды кабыл алды

540

Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Вьетнам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань менен жолукту. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуунун алкагындагы маселелерди талкуулашып, туризм тармагындагы кыргыз-вьетнам кызматташтыгын активдештирүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо, Бишкек менен Ханойдун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча пикир алмашышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү олуттуу түрдө жогорулатуу жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар.

Улукбек Марипов Нгуен Тхи Хонг Оаньды Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, өз ара кызыкчылыкты көздөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон үмүтүн билдирди.

Элчи Нгуен Тхи Хонг Оань өз кезегинде Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы бекемделишине жана өнүгүшүнө үмүт артаарын билдирди жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Чиньдин куттуктоо сөздөрүн жеткирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541