7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Кытайдын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

570

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет.Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада вакцинациялоонун биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча «Sinopharm» вакцинасын 700 ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алагандардын бардыгынын абалы канааттандыраарлык, кандайдыр-бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат», — деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды.

Улукбек Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

КЭР элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле келечекте Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571