7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов жолтандабастан түшүп, эски «Audiге» олтурган соң, жол оңдолоорун айтты

4621

Ысык-Көлдүн Түп районунда иш сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун картежин тосуп чыккан Тасма айылынын тургундары, төраганы жолтандабас Toyota Land Cruiser 200 унаасынан түшүрүп, өздөрүнүн эски Audiсине олтурууга көндүргөн.

Негизги максат бул аймактагы автожолдун абалын көрсөтүү эле. Элдин бул аракети жакшы натыйжа берип,  Марипов аталган аймактагы жолду реконструкциялоо ишин кийинки жылдагы планга киргизүү боюнча, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.  Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы өздүк баракчасына да жазды.

«Түп районунун Тасма айылынын тургундары менен жолугуштум. Алар көп жылдан бери каражат бөлүнбөй жаткан жолдун курулушу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүштү.
Белгилесем, келерки жылы аталган тилкени жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча тийиштүү тизимге киргизүү маселеси каралат«-деп жазат Марипов.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4622