Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктүн кымбатташы боюнча маселени көтөрдү.
«Азык-түлүктүн баасы боюнча айтып кетейин… Мен деле алып берейин, «Сникерс» шоколадын алып, азык-түлүккө жоопкер министрликтегилердин колуна берип туруп, «Не тормози Сникерсни» деп койгулачы. Ундун баасынын көтөрүлгөнүнө үч күн болду. Ундун артынан нан, андан соң тамак-аштар кымбаттап жатат. Жумушту ыкчам бат аткарыш керек. Бир күндө чечим кабыл ала турган нерсени бүтө албай жатышат», — деди ал.