Орусиянын Нижний Новгород шаарында милиция кызматкери сабап салган мас абалындагы киши ооруканадан каза болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 9-апрелге караган түнү Бекетов көчөсүндө жол кирени төлөөдөн баш тарткан мас жүргүнчүнү таксист жолдон түшүрүп салган. Ал унаадан түшкөндөн кийин милиция кызматкери менен уруша кеткен. Милиция кызматкери ал кишини бир нече жолу тепкилеген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүгү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы милиция кызматкери кармалды.
Кызматкер кылмыш учурунда мөөнөттө эмес болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин ал бошотулуп, мыйзам чегинде жазага тартылаары айтылат.