Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, айыл тургундарын куттуктады.
Эскерте кетсек, «Ак-Тилек» бала бакчасынын курулушу 2014-жылы башталып, бүтпөй келген. Ага райондун атайын фондунан, жергиликтүү бюджеттен, түрткү берүүчү грант жана облустук өнүктүрүү фонддун эсебинен 14 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан сырткары ички жабдыктар менен камсыздоого облустук өнүктүрүү фонд 2 млн 181 миң сом ажыраткан.