7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык башаламандык уюштурууга элди үндөгөн “Фейсбук” колдонуучусу кармалды

513

10-декабрда массалык башаламандык уюштурууга элди үндөгөн “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык башаламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.
Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу ал купуялык сырларын колдонуп келген. Тактап айтканда, “Фейсбук” социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон. Ал жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды» — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

514