7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалды

330

Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандар аныкталып кармалган.

Булардын мындай иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө максатталган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалган: 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А.

Алар массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген негизде шектелүүдө.

Шектүүлөр Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандардын жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен.

Учурда бардык фактылар боюнча тергөө амалдары улантылууда.

 

 

331