7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Материалдык жардам комиссиясы: Өткөн жылы 620 адамга 3 млн сомдон ашуун жардам көрсөтүлгөн

791

Биринчи май райондук администрациясында бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Маалыматка ылайык, комиссиянын кароосуна райондун жарандарынан 9 арыз түшкөн, анын ичинен 4 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 3 пенсионер, 2 аз камсыздалган тургундар.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды сатып алуу маселелерине тиешелүү болгон.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун  тургундарына материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, транспорт каражаттарынын, кыймылсыз мүлкүнүн болушу, ошондой эле башка булактардан жардам алуу эске алынат. Жардам үчүн  жылына бир жолу кайрылса болот.

Өткөн жылы комиссиянын 37 отуруму өтүп, 620 адамга жалпысынан 3 млн 667 миң 500 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792