7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медиктерге милдеттүү түрдө вакцина алуу буйругу чыкты

781

Бардык медиктерге жана медициналык мекемелердин башка жумушчуларын милдеттүү түрдө коронавируска каршы вакцина алуу буйругун чыгарды. Бул туурасында министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Социалдык тармактарда министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган буйрукка 29-июнда кол койгону туурасында сүрөт жарыяланды.

«Башка бейтаптарга жардам бериш үчүн дарыгер өзү корголгон болушу керек. Министрлик жумуш берүүчү катары коопсуздукту камсыздоого тийиш. Мындай практика Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүндө колдонулат», — деди Жумакеев.

Юристтин айтымында, тиешелүү буйрук Эмгек кодексине дал келет жана ал кызматкерлерди коргоого багытталган.

Ошондой эле ал санитар, чарбалык тейлөө персоналы, бухгалтер сыяктуу саламаттык сактоо органынын бардык кызматкерлерине вакцина алуу милдети коюлганын белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782